Ак сүйүүнүн дайрасында

Ак куудай бирге сүзүп

Алыска учкун эки жаш

Ашыктык гүлүн терип

Жомокто кыялдарга жол салып

Келгин эки жаш

Кайырма

Жомокто кыялдарга жолунан адашпастан

Максатка жеткин эки жаш

Жүрөктөр бирдей согуп

Жылдыздар бирдей болуп

Жолдорун кошкон эки жаш

Асманың ачык болсун

Ар дүйнө бакыт консун

Бакытка баткан эки жаш

Бакчаңар гүлгө толсун

Бириңе жөлөк болуп

Бактылуу болгун эки жаш

Аттанып турмуш жолун

Ачылып жарык болсун

Ак батаң тийсин эки жаш

Алдыдан наристелер

Айланып ойноп дайым

Коломтоң толсун эки жаш

Айтылып эл ичинде

Ар дайым үйүңөрдө

Бешик ыры ырдалсын

Үйүңөр шаңга толуп

Үзүлбөй колдоруңар

Үлгүсү болгун эки жаш

Кемибей ырыскыңар

Кең болуп турмушуңар

Көшөгөң гүлдөп көгөрсүн

Көр турмуш сыноо болот

Көтөрүп сынбаш керек

Көздөгөн жолду эки жаш

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *