Тамчыдай денедеги сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан,
Маңдайда менин батпас күнүм белең?..
Кайырма:
Асыл энем, таалайым — сенсиң энем,
Жыргалым — сен, бакытым — сен,
Сүйүктүү менин энем.
Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,
Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.
Алдыңа ажал келип турса дагы,
Мен үчүн жанды курман кылат элең.
Кайырма:
Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө,
Асманда ай нурундай асыл энем.
Көзүңдүн карегиндей көп аяган,
Алтындай эмгегиңди неге теңейм?
Кайырма:
Керим Турапов — Эне жөнүндө баллада тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 8305
Кайырмасын алмаштырып салышыптыр
Болот Минжылкыевдики болсо керек
Дайте мне кыргызский текст «эне жонундо баллада»
Созу кимдики?
Кетттттттттт!!!!
С.Өмүрбаевдики
Созу кимдики? Обонк Аксуубай Атабековдуку аны билебиз
Сагындык Өмүрбаев!
Сагындык Өмүрбаев!
Сонун
Эмнедеген комментарии мунун баары тура эмес катаңар ушул Асыл энемдеген ырды Болот Минжилкиев ырдаган сабак отобу деги силерге эжейлер