Керим Турапов — Кечиргин карындаш тексти

Көчүрүү (скачать)

Карындаш, астачы,
Тетири баспачы.
Жакшы эле жигитмин,
Көз кырың таштачы.
Көзүмдү ала албай,
Артыңдан барам жай.
Сезилдиң эң жакын,
Эң жакын адамдай.
Жароокер күлгөнүң,
Эстетет сүйгөнүм.
Сен анын сиңдиси,
Же болуп жүрбөгүн?
Көздөрү кара эле,
Сүйүүгө зар эле.
Эки жак ууртунда,
Уяча бар эле.
Кечиргин, карындаш,
Адам жок жаңылбас.
Бар эле сүйгөнүм,
Ал эми табылбас.
Сымбаты таптаза,
Окшошуп жатса да.
Сүйгөнүм бар эле,
Жүрөгү башкача.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1606
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти286
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти191
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти111
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти93
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти74
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти68
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти67
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.