Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Гүл ачышып бакта өскөн сирендер,
Бүгүн, жаным, сени мага эскертти.
Сүйүү менен көкүрөктө тирелген,
Каяккадыр ирип агып кетсекчи.
Кайырма:
Келсечи кайрылып ошол бир мезгил,
Эрте-кеч эзилип сени самаймын.
Сезилет өмүргө шерик дайыма,
Сен болуп маңдайга бүткөн таалайым.
Белгисиз бир сезимдерим гүлдөдү,
Сырым калбай эч бирөөдөн жашырган.
Учуп чыккан жылдыз болуп түндөгү,
Сага жетүүгө кандай гана ашыгам.
Кайырма:
Таарынбайлы биз эч качан тагдырга,
Бул турмуштун бурулушу ар кандай.
Ал кездерди элестете калганда,
От чачырап туруп калам жана албай.
Кайырма:

Один комментарий к “Саламат Садыкова — Кечки эскерүү тексти”

  1. Саламатсыздарбы. Тексттин автору Омор Султанов экенин деле жазып койгула да.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *