Жодурап көзүң элесте
Жолуңду тозуп серептей
Гүл десте кармап колума
Күтөмүн сени келет деп
Күтпөскө чыны барбы айла
Күткөндө жүрөк ал кайра
Убайым тартсам элиме
Убакыт өтпөйт андайда
Гүл сүйгөн нурун жашырып
Күн да кетти жашынып
Сепкенсип көккө жылдызды
Сен келдиң анан ашыгып
Алалбай сунган колумду
Айта албай бир сөз орундуу
Кароодон карек жалтанып
Калтырак басып оюмду
Коконбай Жылдыз — Жолугуу тексти
Датасы: 20.04.2024 Көрүүлөр: 1927