Датасы: 28.12.2022
Формат: mp3

Сөзү, обону Бек Борбиев

Мен сени сагынамын
Экөөбүз эки башка
Мен сени ойлой берем
Билбеймин дагы канча
Түнөрүп күн батканча
Түрүлүп таң атканча
Мен сени сагынамын
Билбеймин дагы канча

Кайырма:
Күз келгенде учушпайт көпөлөктөр
Жаздагыдай гүл байлап канатына
Махабаттын кышына көнөлектер
Бурганакта жол издейт бакытына
А биз болсо бөлүнүп эки жакта
Жолдорубуз кайчылаш эки башка
Жомогубуз өзгөргөн эми башка

Сен дагы сагынарсың
Көп жакшы күндөр өткөн
Ичинден сызыларсың
Уктатпай түндөр өктөм
Күтөөрсүн сен да көктөм
Жамгырды жаба төккөн
Издейбиз сезимдердин, калган изин
Күнөөсүз көпөлөктөн

Көпөлөктөр Бек Борбиев 2023 тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *