Жетелеп колдон алып чарчабаган
Түгөнгүс акыл айттын сактап алам
Белегин деп билемин бек турушум
Берекем алтын атам барктап алам
Кайырма:
Сыйлаган бар сыйлабаган
Барктаган бар барктабаган
Атанын кадырын билеличи
Жетпей жүргөн канча жан бар
Изиңди улай турчу уулун турат
Карааның кадамыма берет кубат
Карматып камчы мага бердин эле
Чабынам алга ата калбайм кулап
Кайырма:
Кубаныч Баркалбасов — Атанын кадырын билеличи тексти
Датасы: 24.02.2021 Көрүүлөр: 12209
Ооба
Жакшы чыгарма,мага абдан жакты.Ишине ийгиликтерди каалайм
Жакты
Жакты