Датасы: 20.12.2022
Формат: mp3

Асыл кечим өмүрдө издеп тапканым
Өзүң менен атышын ар бир ак таңым
Сен жылмайсаң мага эркелеп
Дүйнөм шаңданат
Түбөлүккө өчпөй жашасын биздин махабат

Кайырма:

Арнаймын мен сага
Бийлик кылып жүрөгүмдүн жарымын
Ар дайым сен гана
Жанымда бол ошол бакыт жарыгым
Көзүңдөн жайнаган
Мен өзүмдү кайра баштан тааныдым
Кел анда садагам
Бирге айдайлы ак сүйүүнүн кайыгын

Сезимимди сыйкырлап
Байлап алдың да
Ыраазымын жан билгем
Ушул тагдырга
Келечектин тунук бактысын
Сен деп атаймын
Сен бар үчүн чексиз жашоону
Сүйүп жашаймын



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *