Кайырма:
Ай жылдарга сайып саймасын,
Ачкан мага турмуш пардасын.
Сүйүү, сынак, күлкү жыттанган,
Студенттик күндөр кайдасың?
Бүркүт сымал кагып канатты,
Бизге коюп катуу талапты.
Мен сагындым абдан берилип,
Мугалимдер өткөн сабакты.
Кайырма:
Ай жылдарга сайып саймасын,
Ачкан мага турмуш пардасын.
Сүйүү, сынак, күлкү жыттанган,
Студенттик күндөр кайдасың?
Билим издеп келип алыстан,
Бактым менен беш жыл жарышкам.
Далай кызды сүйгөм ошондо,
Дептер берип, китеп алышкан.
Кайырма:
Өзгөрүлүп жылдар жаңырды,
Өмүр сүрдүм кызык, жалындуу.
Сонундар көп, бирок баарынан,
Студенттик жашоо жагымдуу.
Студенттик күндөр жагымдуу.
Кубаныч Сатаев — Студенттик күндөр тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 422