Көздөрүңдөн чагылган нуруң жүрөктүн

Ортосунан аралап кетти

Көз карашың ичинде бир аз мүнөттүн

Жөн өтпөдү жаралап кетти

Кайырма

Күйдүм, тутандым

Сүйдүм, тушалдым

Ойлорумдун баарын бүт алдың

Сен мени ким десең?

Сүйүүсүн айта албаган

Ичинен алоолоп

Сүйгөн бир адам

Сен мени ким десең?

Батынып айта албаган

Өзүңдү бир караштан

Сүйгөн бир адам

Сүйүү болуп келип аттиң ай жүрөктө

Арман болуп калбасаң экен

Махабатты көрүп мендеги гүл өскөн

Сен да мени тандасаң экен

Кайырма

Күйдүм, тутандым

Сүйдүм, тушалдым

Ойлорумдун баарын бүт алдың

Сен мени ким десең?

Сүйүүсүн айта албаган

Ичинен алоолоп

Сүйгөн бир адам

Сен мени ким десең?

Батынып айта албаган

Өзүңдү бир караштан

Сүйгөн бир адам

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *