Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.
Кайырма:
Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум, ай?
Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон.
Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктойм,
Буйруксуз сүйүүмдү жектеп алып.
Кайырма:
Кундуз Таштаналиева — Булбулум тексти
Датасы: 27.09.2020 Көрүүлөр: 556