Датасы: 01.10.2020
Формат: mp3

Көлдүн жээги, бирге бастык салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз гүлүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунат шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө карап, кол булгап,
Кете бердиң пароходдо калкылдап.
Эми алысмын, куса болуп, сагынып,
Бирок дайым бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратам.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңдү карасам.
Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын дейт түбү келип сабырдын,
Сагынуунун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убагы,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *