Датасы: 12.01.2025
Формат: mp3

Сагындым сизди сагынган менче болбосун,

Сагыныч мыжып жүрөктүн эркин койбосун

Сагындым сизди күз түнөп калган жүзүңө,

Мүнөзүү токтоо, күмүш чач менин, жан досум.


Сагындым сизди энесин күткөн баладай,

Сагындым сизди жашыңыз канча карабай.

Күткөндөр күтөр, аз эле күтөр көп болсо,

Менчелик сизди күтпөстүр эч ким жадабай.


Ишиңиз татаал, Жараткан аны колдосун,

Сүйгөндү билсе сүйүүдөн ээрийт коргошун.

Сүйүүгө сизде убакыт жогун билсем да,

Сагынып сизди, сагынып жүрөм, жан досум.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *