Сүйлөрүмө сөз бердиң
Көрөрүмө көз бердиң
Санап бүтө албайбыз
Жакшылыкты көп бердиң
Рахмат сага жараткан
Акыл бердиң эс бердиң
Орто жарык жүз бердиң
Ооз бердиң тиш бердиң
Атам-апам жумшаса
Аткарууга күч бердиң
Берешесиң кудайым
Не сурасам бүт бердиң
Ырдаганга үн бердиң
Сүйлөгөңгө тил бердиң
Туура жашоо тартуулап
Тунук ислам дин бердиң
Көп ибадат кылсын деп
Күн да бердин түн бердиң
Тирүүлөргө дем бердиң
Тейлөөчү жер бердиң
Акыретте куткарган
Ааламдагы эл жерди
Адам заттын султаны
Пайгамбарды сен бердиң
Сага башым ийемин
Сен улуусун билемин
Асылдардын асылы
Пайгамбарды сүйөмүн
Пайгамбарга татыктуу
Үмөз болуу тилегим
Умоз Умот
Аябай сонун ыр экен
Ооба жакты
Ооба өтө жакшы ыр экен
Мага жакты
Өтө сонун ыр экен кемчилдиги вапше жок
Өтө сонун ыр экен кемчилдиги вапше жок
Ыр жакшы экен,тексте каталар бар экен.