Жаштык кез ырын ырдайлы,
Жалындап күйүп жыргайлы.
Жүрөктөр жакын экенин, ээ-эй,
Жүзүбүз айтып турбайбы.
Ашыктык ырын ырдайлы,
Алышып ойноп-жыргайлы.
Көңүлдөр туура келгенин, ээ-эй,
Көздөрүң айтып турбайбы.
Санаамдан чыкпай кыялың,
Сарсаамал жыттуу ынагым.
Сабырың бошоп өзүңдөн, ээ-эй,
Сагынам, кандай кыламын?
Жолукчу мезгил бүдөмүк,
Жолубуз башка түбөлүк.
Кыйышпас эркем, эсен бол, ээ-эй,
Кыялда бирге жүрөлү.
Кутман Жолдошев — Кыялда бирге жүрөлү тексти
Датасы: 19.10.2020 Көрүүлөр: 1408