Кутман Жолдошев — Сен менин ырларымсың тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын жыргалымсың.
Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин келечегим нурун чачкан.
Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым чалкып аккан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp31055
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти536
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти277
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти174
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти140
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти137
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу102
Жан Сабыров — Жаным сен101
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.