Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим.
Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.
Акыры таптым, ошол мага туу болду,
Жүрөккө дем, өмүргө ынак гүл болду.
Доорун сүрүп, элин мактап жактырар,
Доско кайрат, душман, кастар кул болду.
Эгер мени кайгы булут каптаса,
Ачык бойдон, ачык асман, таптаза.
Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип,
Өмүр, чиркин, өйдө көздөй акпаса.
Кутман Жолдошев — Сени гана издедим тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 591