Датасы: 19.10.2020
Формат: mp3

Эстесем дайым өзүңдү,
Суз басат шайыр көңүлдү.
Сагынып сага келемин,
Айылым — алтын бешигим.
Кайырма:
Туулган айылым,
Балалык чагым.
Алыстап сенден,
Түшүндүм баарын.
Туулган айылым,
Сагынып келдим.
Алыстап сенден,
Баркыңды билдим.
Барарым менен өзүңө,
Кериле басам көчөңдө.
Досторум мени күткөнсүп,
Сагыныч турат жүзүндө.
Кайырма:
Айылдын жийде жыттарын,
Келип бир турат жыттагым.
Кантсе да мага кымбатсың,
Сени мен даңктап ырдаймын.

Кутман Жолдошев — Туулган айылым тексти: 12 комментарий

  1. Эхх, кичине кезде ырдын текстине маани бербептирмин. Азыр соонун экен уксам

  2. Туулган айылым, алыстап сенден баркыңды билдим

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *