Гүлү сенсиң эркин өскөн талаанын,
Бирде жакын, бирде алыстайт карааның.
Түшкө кирип, өңүмдө бир көрүнбөй,
Түрттүң мени түпкүрүнө санаанын.
Үмүт оту үстү-үстүнө тамчылап,
Жүрөк байкуш күнөөлүүдөй жанчылат.
Айтчы, эркем, айтчы, сүйгөн таң шоолам,
Күтөм дагы бир өзүңдү канча убак?
Жашоо үчүн тийбесе эгер кереги,
Ак сүйүүмдү далилдешке мен эми,
Гүл ордуна жүрөгүмдү сунмакмын,
Алып кой деп сүйгөнүңдүн белегин.
Кезиккенде салкын тартса кабагың,
Мен ансайын тумчуккансып барамын.
Сезимдеги жакшы учурду жандантып,
Жок дегенде таанышыңдай карагын.
Сөзү акын Алымов Жакшылыктыкы,обону Р. Абдыкадыровдуку!
Рыспай Абдыкадыровду, раматылык атам абдан жакшы коруп ырын укканда жыргвчы эле, мен ошондо бала болуп билбептирмин ырдын маанисин. Азыр бул ырларды укканда атамды эстейм жана Рыспай агабыздын ырларын угуп комозитодун атасы экен деп ойлоп калдым. Рыспай агабызжын ырлары ар бир кыргыздын журогундо туболуккто жашайт.
Рыспай биздин балалыгыбыз! Дунгуроп аты ар бир уйдо жанырып чыкканда мен 6-7 жашта элем. Атам да апам да абдан жакшы ырдашчу.Алар Рыспай дегенде ичкен ашын жерге коер эле. Радиодон ыры угулса бут эл тыншап угуп, биз жаш балдар бул сыйкырдуу адамды коргубуз келчу.
Бул ырдын обону да созуно топ келет экен,
эмнеге мурда маани берген эмесмин!