Жай күтүп, жай келбесең күзгө калып
Күз күтүп, күз келбесең кышка барып
Ошентип он эки айым өтүп кетмек
Ошентип ар бир күнүм кайталанып
Мен сени жаштар өткөн жолдон күтөм
Мен сени жаштар жүргөн тойдон күтөм
Күтөмүн эң акыркы түңүлүүдөн
Күтөмүн маңдай жарган сүйүнүчтөн
Койсо эгер тагдыр сага жолуктурбай
Таарынбай кыйгач түшкөн жолго ушундай
Күтөмүн келбесең да өмүр бою
Майдандан жарың күткөн колуктудай
Кыял Токторбаева — Күтүү тексти
Датасы: 31.08.2022 Көрүүлөр: 3855
Жакшы мыкты