Датасы: 04.06.2024
Формат: mp3

Көрүшкөндө капилет,

Көркүң сезим козгогон.

Көңүлүмдү бүт сен ээлеп,

Күлкүң аалам кооздогон.

Неге мурда көрбөгөм

Сенсиз жалгыз өңдөнөм.

Сүйүү, бакыт, жылуулукту,

Табат сенден жан дүйнөм.

Кайырма

Сен

Кыялым болдуң,

Өзүңдө оюм.

Өзгөчөсүң, башка сенин ордуң.

Билсең сага,

Күндө ашыкмын,

Күндөй ачыксың,

Издегеним сенин карааның.

Элесиңе тойбогом,

Элестетип ойгоном.

Жаңы сезим сунгансың сен,

Мурда менде болбогон.

Жан дүйнөмө жакыным,

Жасалмасыз жаркыным.

Сени көксөп жүрөгүмдөн,

Сени көздөй тартылдым.

Кайырма

Сен

Кыялым болдуң,

Өзүңдө оюм.

Өзгөчөсүң, башка сенин ордуң.

Билсең сага

Күндө ашыкмын,

Күндөй ачыксың,

Издегеним сенин карааның.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *