Арзыган тилегимди,
Арнаган жүрөгүмдү.
Бир жигит сезбей кетти,
Мен аны сүйөрүмдү.
Акмалап күнү-түнү,
Азгырып үмүтүмдү
Алдымдан тосуп улам,
Бир жигит сүйүп жүрдү.
Кайырма:
Кош сүйүү сабаладың,
Жүрөктү жараладың.
Бирине карабадың,
Бирине жете албадым.
Махабат бооруң ташпы,
Агыздың көздөн жашты.
Бактымды кармай албай,
Сүйүүдөн көңүл калды.
Бийик кармап өзүмдү,
Боло албадым өтүмдүү.
Санаасы көп махабат,
Алам сенден өчүмдү.
Кайырма:
КЫЗ — БУРАК тобу — Кош сүйүү тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 780