Датасы: 28.07.2020
Формат: mp3

Аткан ок болчу насааты,
Адамдын эле тазасы.
Акылын айтып жалпыга,
Асылын иштин жасачу.
Кайырма:
Тирүүлүк деген күрөштө,
Шам болуп күйгөн үммөткө.
Атыңыз Чубак ажы деп,
Жашайсыз өлбөй жүрөктө.

-2-
Жамандын оюн кыйратып,
Жакшыга жаркын сый катып.
Күлкүгө бөлөп турчусуз,
Кеттиңиз кайда ыйлатып?

-3-
Элиңиз сыздап таба албайт,
Эми ким динди баяндайт?
Сан кылым чубап өтсө да,
Сиздей жан кайра жаралбайт…

Чубактай ажы жаралбайт…

Кызсайкал Кабылова — Атыныз жашайт тексти: 6 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *