Бүт сулуунун сулуулугун тергендей,
Бириктирип бир өзүңө бергендей.
Оо, кара көз, ойдогумдай бир жансың,
Өмүрүмдүн жыргалына келгендей.
Көңүлдөгү көп элести карасам,
Сага теңдеш такыр таппай адашам.
Ошол сулуу , ошол сонун, дегенсип,
Жүрөктөгү сени өлчөгөн таразам.
Деги сага ким тарбия берди экен,
Кандай бүлө эркелетип келди экен.
Анда сага алагдымын өзүмчө,
Күндө сага бир жолугуп келбесем.
Сен чынында ай эмес, же күн эмес,
Таңкы чолпон жылдыз эмес, гүл эмес.
Бирок сени ойлой калган учурда, ий,
Айга, күнгө окшой түшөт бир элес.
Лира Райымбекова — Бир элес тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 1794
Абдан жакты