Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.
Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толкуп тең келбедим өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.
Кайырма:
Кабыл албай менин айткан сөзүмдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.
Кайырма:
Лира Райымбекова — Кечирип кой тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 1575
Класс супер