Бийик бирдей өскөн кош терек
Турасың боюң көк тиреп
Кылымдап өсүп турасың
Ким тиккен качан ким билет
Үч терек үч терек
Жаш кез анда күч керек
Жаратканым ыроологон бизге деп
Шамал болсо сүйлөгөндөй бутактарың бийлегендей
Ошол күндү ошол саатты күтчү элек
Сагынып дайым турабыз
Түшүмө кирет кырааңыз
Булганса ойлор кегетет
Өзүңө келип тунабыз
Үч терек үч терек
Бактылуубуз биз демек
Көркүң бизге дайым кубат күч берет
Бир да жолу жеңилбеген
Деңиздей пейли кенен
Карааныңдан кагылайын үч терек
Эмгеги элге жайылган
Эчендер чыккан айылдан
Касиеттүү Кампа атабыз
Сый-урматка алынган
Майрамбек Осмонов — Үч-Терек тексти
Датасы: 19.05.2022 Көрүүлөр: 1137