Шагынан гүлдү сындырып
Сөзүмдү катып сыр кылып
Үйүнө барчу элем
Жаңыртып сага ышкырык
Көчөдөн өтсөң нурданып
Көз салчу элем уурданып
Сөз кылса досторум
Кетчүмүн сени кызганып
Ачыла элек кезде ондон бир гүлүм
Ким коюптур бизге сүйүүнү
Ал кездеги тунук махабат
Азыр ойлоп көрсөң күлкүлүү
Ачыла элек ондон бир гүлүм
Кат жазамын сага күн-түнү
Аттиң ошол бала кездер ай
Эстен кетпейт экен тун сүйүүң
Чачымды кайрып четине
Өзүңө барам, кезигем
Оюнга тойбогон
Жаштыгым чыкпайт эсимен