Датасы: 27.10.2020
Формат: mp3

Жаныӊда жарыӊ болуп, балдарыӊ да,
Үйүӊдө тынчтык толгон жылуулук да,
Жан досум, мени көздөй шашылбагын,
Жан дүйнөӊ бөлүнбөсүн, кымкууттукка.
Эрдей, эр жигиттей олтурганда,
Тагдырыӊ кубанычка толтурганда,
Жан досум, мени көздөй ашыкпагын,
Жан үрөп кабылбагын опурталга.
Үзөӊгү буттан тайып турган кезде,
Үмүтүм үзүл-кесил калган кезде.
Жан досум, жанымда бол, өтүнөрүм,
Тагдырым таш боорлугун салган кезде.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *