Сени көргөн сайын тынбай сагынам
Көңүлүмдө гүл ачып сага багынам
Көз карашың тийсе, үнсүз байланам
Сүйлөбөсөң дагы, жүрөгүм тыңдайт сени гана бир тыңдайт
Түшүмдө да келесиң, сен үмүт бересиң
Сенсиз түндөр өтпөйт сагынчымды сезесиң
Жанымда болсоң баары унутулат
Сен бар жерде жүрөк гана угулат, жүрөк гана угулат
Кайырма:
Жүрөгүм-Ай
Көздөрүңдү көргөндө тайам-ай
Жан дүйнөмдүн сырларын ката албай
Кыз болгонума карабай
Бара берем артыңан кайта албай
Бара берем артыңан мен
Алсыз жүрөктү жандандырам деп
Жүрөгүм бир гана сени эңсейт
Көздөрүм сенден башканы илбейт
Көз карашың менин жарыгым
Сен менин дүйнөм менин багым
Багындыралы, сүйүүнүн деңизин
Бактыбыз сенин колуңда билесиң
Сенин колуңда билесиң
Сенсиз түндөр өтпөйт сагынчымды сезесиң
Жанымда болсоң баары унутулат
Сен бар жерде жүрөк гана угулат, жүрөк гана угулат
Кайырма:
Жүрөгүм-Ай
Көздөрүңдү көргөндө тайам-ай
Жан дүйнөмдүн сырларын ката албай
Кыз болгонума карабай
Бара берем артыңан кайта албай
Malika Dina — Жүрөгүм ай тексти
Датасы: 18.11.2025 Көрүүлөр: 4357




