Жүрөгүм түрүм тайдай
Жүдөтүп күйүн салды ай
Ачышты ошол жүрөк
Айсбергке урунгандай оо

Ысымың унута албай
Ыйладым булуттардай
Сыйкырың арбап алып
Сындым мен кумурскадай иий

Кайырма:
Басканың сенин сенин сенин маралдай
Башкадан сендей сүйүү таба албай
Мен сени издеп жүрөм
Сүрөтүңдү тиктеп жүрөм
Сен болдуң карматпаган жагалмай
Мен жүрөм дале сага сага сага жагалбай.

Сүйүүм бул кошомат ай
Соолуган кожогаттай
Аскада калган азыр
Абалым Кожожаштай

Боздоттуң боз торгойдой
Бүт дүйнөм от болгондой
Жүрөгүм сен деп соксо
Жер шаары козголгондой оо

Кайырма:
Басканың сенин сенин сенин маралдай
Башкадан сендей сүйүү таба албай
Мен сени издеп жүрөм
Сүрөтүңдү тиктеп жүрөм
Сен болдун карматпаган жагалмай
Мен жүрөм дале сага сага сага жагалбай.

Ак жүзүң ак Маржандай
Асманга капталгандай,
Түбөлүк жүрөгүмдүн
Түбүндө сакталгандай, оо
Сезимден таралгандай
Сендейди табам кандай
Сүйкүмдү эки көзүң сүйүүдөн жаралгандай ии

Басканың сенин сенин сенин маралдай
Башкадан сендей сүйүү таба албай
Мен сени издеп жүрөм
Сүрөтүңду тиктеп жүрөм
Сен болдуң карматпаган жагалмай

Один комментарий к “Мамбет Акын — Маралдайым  тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *