Датасы: 21.10.2020
Формат: mp3

Өмүрдө өкүнүү бар, кубануу бар,
Өмүрдө бүтүү бар да, улануу бар.
Үзүлгөн жолду кайра жалгайлычы,
Өзүңдөн суусап күткөн сурануу бар.
Таарынба, ташта баарын, ташта баарын,
Эңсеткен сагынычтан башкаларын.
Желектей желбиретип жоолугуңду
Жолукчу, жоодураган акмаралым.
Алоолоп жүрөгүмдө жанган жалын,
Ак куу ким, сен ким, көлдө айыра албадым.
Сагынчым сабадагы саамал болду,
Таркатчы, жадыраган жайдарманым.

Арзыбек Бедияров — Ак маралым тексти: 2 комментарий

  1. Жакты,эң сонун! Автор эң сонун аткаргансыз! Сизге ден соолук,чыгармачылык ийгилик каалайбыз!!!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *