Датасы: 17.09.2022
Формат: mp3

Күндө кайгы күндө мууң
Күндө өлүм зордуктоо
Өзүбүзгө өзүбүз
Өлөрдөө мынча болдук го
Кыздарыбыз тепселсе
Кыргызга болгон кордук го
Карындаштарды мерт кылып
Кан ичерлерге толдук го
Кайдыгер болуп көбүбүз
Карарып жүрөк толдук го
Укмаксан болуп баардыгын
Уул кыздын сезбей тагдырын
Улутка күйбөй койдук го
Көздү ачпайлыбы кыргыздар
Көбөйбөй эле ан сайын
Көмүлүп бүтмөй болдук го

кАЙДЫГЕР БОЛУП БААРЫБЫЗ
Кырчын кырчын жаштарды
Жогото берсек мейлиби
Кыргызстанды четинен
Тоното берсек мейлиби
Кызыл канга мекенди
Боето берсек мейлиби
Бала бакчанын ордуна
Байлардын ажаатына деп
Корото берсек мейлиби
Жазыксыз эле жарандар
Оло берсе мейлиби
Мигранттардын табыты
Келе берсе мейлиби
Кааалабаган адамдар
Каалагандай мыйзамды
Кере берсе мейлиби
Кыргызстандын тагдыры
Тебеленсе мейлиби
Акчалуулар баарысын
Жеңе берсе мейлиби
Энеден бала бөлүнүп
кала берсе мейлиби
Кылып коюп кылмышты
Пара берсе мейлиби
Пара берсең унчукпай
Ала берсе мейлиби
Иштин артын акчага
Чаба берсе мейлиби
Жазыксыздарга айыпты
Тага берсе мейлиби
Күнөөсүздү күнөөлөп
Мууңун алып айыбын
Ага берсе мейлиби
Телбир бечен жазыксыз
Темир тордун артында
Кала берсе мейлиби
Жарагандын баарысын
Сата берсе мейлиби
Жыйнагандын ордуна
Чача берсе мейлиби
Керкөөлөр келип көрүңдү
Каза берсе мейлиби
Казаның келип башкалар
Аза берсе мейлиби
Каалагандай жериңде
Баса берсе мейлиби
Маани бербей кыргыздар
Манастын урпагы эле деп
Жата берсе мейлиби

Арты-артынан башчыны
Биз кубалай берсек мейлиби
Алдыга чыккан бирөөнү
Кубалай берсек мейлиби
Уктай берип күнү-түн
Ойгонбосок мейлиби
Урпактар келечеги деп
Ойлонбосок мейлиби
Тарбия берип жаштарга
Толгонбосок мейлиби
Ар ким келип букасын
Агыта берсе мейлиби
Арам ичкен адамды
Жазыга берсе мейлиби
Кылтак куруп бөтөндөр
Кыргыздын канын кыргызга
Агыза берсе мейлиби
Чек арадан душмандар
Кире берсе мейлиби
Кой терисин жамынган
Карышкырлар корооңдо
Жүрө берсе мейлиби
Коногуң келип үстүңөн
Күлө берсе мейлиби
Өзүң баккан күчүгүң
Өзүңө кайра тап берип
Үрө берсе мейлиби
Бирөөлөр келип чүйдүрөт
Тилиңди бузса мейлиби
Бирөөлөр келип күнгүрөп
Диниңди бузса мейлиби
Бирөөлөр келип дүнгүрөп
Дилиңди бузса мейлиби
Кайдыгер болдук баарыбыз
Кыргыздын кайда эрдиги
Кыздарың үчүн жан берген
Кыргыздын гана шердиги
Кайдыгер болсок эгерде
Кыргыздын бүтөт элдиги
Көргөнгө койсок көз жумуп
Бул баатырдыктын кемтиги
Акылыңа кел кыргыз
Ак калпак кийген эр кыргыз
Азиянын арстаны деп
Атакты бекер бердиюби
Оордуңан туруп кыргызым
Ондогун түзөп пейлиңе
Кас турбасан ойгонуп
Абалыңды эмдиге
Кайдыгерликти токтотот
Кан Манаска окшошуп
Келечек үчүн кыргыздар
Келгиле бирикпейлиби

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *