Датасы: 04.10.2020
Формат: mp3

Толкуган биздин эркибиз,
Ал, зуулаган темпибиз.
Ал, тигил кызыл жоолукчан,
Эмгектин кызы селкибиз.

Ой, кызыл жоолукчан,
Кандай турмуш жайыңыз.
Курсак ачып кетти го,
Кайнады бекен чайыңыз.

Тетиги зоону ураткан,
Омкоруп ташын кулаткан.
Ал биздин арык казгандар,
Чекеси тердеп, суу аккан.

Ой, кызыл жоолукчан,
Көрчү мен да тердедим.
Териң аарчып жүргүн деп,
Канакей жоолук бергениң.

Ал, тээ-тиги көрүнгөн,
Күрөгүн алып жүгүргөн.
Кулагын байлап суу жыгып,
Ал да биздин күжүрмөн.

Один комментарий к “Анарбек Ибраев — Кызыл жоолукчан тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *