Датасы: 09.04.2024
Формат: mp3

Тиреги болдуң башканын
Тилегим мени таштадың
Изине түшүп сүйүүнүн
Издедим бирок таппадым
Ыйладым бирок сезбедиң
Ырдадым сени эстедим
Ызалуу жүрөк чыдабай
Өзүңдү келет эстегим

          Кайырма:

Караныңа жалынамын жаным
Азабыңа малынамын жаным
Карабачы кайдыгерге салып сен
Кармабачы колдорун башканын

Үйлөнү сенин тоюңда
Шакегин салып колуңа
Кармады сенин колуңду
Бир түшүп турмуш жолуңа
Бактылуу экен түгөйүң
Байлады сени торуңа
Багынам бирок тарынам
Байсалду багын жолуңа
Жашынып кирпик алдына
Жашырып сүйүү тамчысын
Бекинем сезим таныңа
Бекиттип сүйүү ачкычын
Өмүрүм сага арнагам
Болсон деп жарым жандаган
Бошотсо жүрөк кубаттын
Болбой эле мен карманам

Жалынтың неге жалынсыз
Жүрөктү сен деп сыздаган
Жаныңда турса түгөйүң
Жалжалым сени кызганам
Бактылуу экен түгөйүң
Байлады сени торуңа
Багынам бирок тарынам
Байсалду багын жолуңа
Бактылуу болгуң сүйгөнум
Багыңа бакыт тилеймин
Бир сен деп сүйүү гүлдөрүң
Өзүңдү жаным издеймин
Каралам сенин көзүңө
Кадалат алсыз жүрөгүм
Байланып жипсиз өзүңө
Барыбир сени сүйөмүн

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *