Алладан кийинки чеберим, жан ата жан жүрөгүм.
Санаамдын күч кубат демисиң, сүрөөнсүң тирегим.
Калтырбас аязга, ызгаарга, таянар тоо аскарым.
Жан атам, жанымда сиз барда жапжарык ар таңым.
Кайырма:
Ар качанда бийик көрөмүн мен башкадан.
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам,
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам.
Ыр менен кабыл ал даанышманым,
Кызыңдын сый-урматын.
Атакем айкөлүм, асылым, эң мыкты устатым.
Эңсейт да кызына ар ата, элде жок бак орношун,
Мен үчүн, жан ата, бийиктик өзүңдөй болгону.
Кайырма:
Ар качанда бийик көрөмүн мен башкадан.
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам,
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам.
Миргул эже кындайсыз
Мага жакты ушул музука
Самара синдим онорун оркундой берсин,жолдошун балдарын мандайында ден соолукта ар дайыма сулуу бойдон элге кызмат кылып журо беришине тилекьешмин Баткендик эжен
Аяш атасына тийип алган кызго Самарабы
Жок
Аяш атасына тийип алган кызго Самарабы
Абдан Сонун ыр,дагы ушундай ырлар кобойо берсин аталарыбыз Аман болсун
Аябай жакшы ыр.Мага жагат