Датасы: 24.10.2019
Формат: mp3

Алладан кийинки чеберим, жан ата жан жүрөгүм.
Санаамдын күч кубат демисиң, сүрөөнсүң тирегим.
Калтырбас аязга, ызгаарга, таянар тоо аскарым.
Жан атам, жанымда сиз барда жапжарык ар таңым.

Кайырма:
Ар качанда бийик көрөмүн мен башкадан.
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам,
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам.

Ыр менен кабыл ал даанышманым,
Кызыңдын сый-урматын.
Атакем айкөлүм, асылым, эң мыкты устатым.
Эңсейт да кызына ар ата, элде жок бак орношун,
Мен үчүн, жан ата, бийиктик өзүңдөй болгону.

Кайырма:
Ар качанда бийик көрөмүн мен башкадан.
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам,
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам.

Самара Каримова — Менин атам жакшы адам тексти: 40 комментарий

  1. Ката жок. Аябай жакты. Самара еже онорунуз оркундой берсин! Уй булонуз менен Бактылуу болун.

  2. Сооонун ката жоок менин атама арналып жазылгандай бирок окунучутуу ал жанымда жооок

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *