Кайрылбайм деп, кайгырбайм деп, мен өзүмдү кыйнадым.
Жолукпайм деп, унутам деп, алыс кеттим, алтыным.
Бирок сени, сезимимди, ал сүйүүнү кыя албай,
Сага деген махабатка ушул ырды арнадым.
Жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн
Сага деген махабатка ушул ырды арнадым.
Кайрып сени кайра баштан, ал күндөргө барсамбы?
Жетпей калган, биз эңсеген армандарда калсамбы?
Көздөрүңдү, сөздөрүңдү унута албай өзүңдү.
Сага деген махабатка ушул ырды арнадым.
Жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн
Сага деген махабатка ушул ырды арнадым.
Мерген Турган — Жүрөгүмдөн тексти
Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 319