Датасы: 08.08.2020
Формат: mp3

Төрөгөн жарык дүйнө көрсөткөн ай
Төрүндө аалам теңсиз берекем ай
Аздектеп алдейлеген баарыбызды
Алтындан бешигин бар энекем ай

Кайырма:

Энем энем энем жалгыз энем
Дүйнөнүн эң сулуусу менин энем
Бактыбыз үчүн дем күч аябай
Жашады энем карыды энем
Карыды энем

Эс алың жумуш болсо өзүм кылам
Көзүмдүн карегиндей сизди сактайм
Эмгегим кызматымды сиз көрүңүз
Энеке эки дүйнө сүтүң актайм

Алмалуу өзүң баккан багыңдаймын
Апаке жакшы көргөн бутагыңмын
Кубанып жүзүңүздө кулкү турса
Кулунуң алма жыттуу караныңмын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *