Сен төрөлүп, неберем
Кемиди го керегем
Тосуп чыксаң жүгүрүп,
Тоодой толкуп кенейем.
Кайырма:
Айга-күнгө теңеген,
Алмаштыргыс сен элең.
Жүгүрөм деп жыгылсаң,
Жан бөлүнүп денеден
Сен аман бол, неберем.
Нурлап жарык күн-түндү,
Көп күттүм мен бул күндү.
Эч нерсеге кыйбаймын
Сенин таза күлкүңдү.
Кайырма:
Ачып көзүн булактын,
Ата жолун уланткын.
Чоң энеңди сүйүнтүп,
Чоң атаңды кубанткын.
Кайырма:
Ала-Тоодой бийик бол,
Ак мөңгүдөй тунук бол.
Айкөл болуп Манастай,
Кан Бакайдай улук бол!
Мирлан Баеков — Неберем тексти
Датасы: 26.09.2020 Көрүүлөр: 1247