Көлөмүң бөлүп кичине көзүмдүн батсан ичине
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн көңүлү бузук кишиге.
Карааның болуп кичине каректин батсаң ичине,
Каратпайт элем көзүңдү карашы бузук кишиге.
Карасаң башка кишиге кан толо түшөт ичиме,
Ээликсе жүрөк булоолоп ээ боло албай күчүнө.
Жанаша калсаң кичине жалдырап карайм жүзүңө,
Аракет кылып жүрбөгүн башканын кирип түшүнө.
Бийлетип койду санаамды биликтей күйүп жанамбы,
Элестеп жүрүп өзүңдү эсинде болуп каламбы.
Кыйсытыр салдың санаамды кыргыздан сендей табамбы,
Сыртыңдан журуп кызганып сыркоолуу болуп каламбы.
Көлөмүң болуп кичине көзүмдүн батсан ичине,
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн көңүлү бузук кишиге.
Айтканга күйүп айлам жок ашыктык оту пайда жок,
Мени сүй эгер ишенсен мен сүйгөн менен пайда жок.