Мен кайырчы, мен сүйүүнүн кайырчысы,
Шылдыңдаба, мен сүйүүнүн кайырчысы.
Алдыңа жалбарып мен барсам да,
Карабай кеттиңби сен назданып?
Кайырма:
Ким мени түшүнүп, түшүнүп,
Жигитим деп жүрө алат?
Ким мени сүйүп, сүйүп,
Сүйгөнүм деп сүйө алат?
Алдыңа барсам дагы,
Адашып ак жолумдан,
А сен түшүнбөдүң.
Мен таарынбайм тагдырдын жазганына,
Өкүнбөйм, өзүңсүз калганыма.
Арзуумду түшүнбөй сен жүрсөң да,
Табылар мага да бир өмүрлүк жар.
Кайырма:
МУЗАМАН тобу — Түшүнбөдүң тексти
Датасы: 15.09.2020 Көрүүлөр: 710