Датасы: 19.04.2023
Формат: mp3

Карегимди жашта
Балдарымды ташта
Багыт алып жөнөдүм
Бул сыноого көнөмүн
Аман болсом келемин
Мени күткүн мекеним

Кайырма:

Салам салам Москва
Көпкө мени кармаба
Ата-энем жол карайт
Жалгандарга арбаба
Жаштыгымды сен уурдап
Жок жок мени алдаба

Жылдыздарды сана
Ырларымды жама
Булут менен сырдашып
Жамгыр менен ырдашып
Үмүтүмө жетем деп
Жүрөк согот бат-бат

Кууржунумду артып
Мээнетимди тартып
Иштеп сенде жүрөмүн
Бирде ыйлап күлөмүн
Күзгө чейин иштесем
Болду сенден кетемин


Один комментарий к “Нарынбек Калыбаев — Салам сага Москва тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *