Сөзү С.Кадыралиевдики
Обону И.Жунусовдуку
Үйлөнүү той кандай сонун,
Кандай сонун буйруганга.
Буйрубаса не кыласың,
Не кыласың айла канча.
Үлпөт тоюң бүгүн сенин,
Бүгүн сенин үлпөт тоюң.
Бирок жарың мен эмесмин,
Мен эмесмин жарың башка.
Кайырма:
Ий, кечир садага,
Ай, түшүнчү мага.
Бара албаймын мен тоюңа,
Таарынбачы, жаным мага,
Кантип чыдап олтурамын,
Кантип ырдайм мен тоюңда,
Түшүнчү , жаным, садага,
Чакыруу кат алып келдиң,
Алып келдиң бүгүн мага.
Көздөрүңдөн көрүп турдум,
Көрүп турдум кайгы-капа.
Баргының деп сен сурандың ,
Сен сурандың тоюңарга.
Бирок, жаным, бара албаймын,
Бара албаймын мен тоюңа.
Кайырма:
Ий, кечир садага,
Ай, түшүнчү мага.
Бара албаймын мен тоюңа,
Таарынбачы, жаным мага,
Кантип чыдап олтурамын,
Кантип ырдайм мен тоюңда,
Түшүнчү , жаным, садага,
Роза Шакирова — Үйлөнүү той тексти
Датасы: 22.07.2020 Көрүүлөр: 17294
Кечир жаным айла канча болуш керек кайрымасы
Ыр боюнча жазылган тексти