Алоолоп арбап алып сүйүү жалын,
Акылдан азгырганын түшүн, жаным.
Буулугуп бутагына конуп турам,
Бул менин бугум айткан шырылдадым.
Кайырма:
Сени бөпөлөдүм жаным бөпөлөдүм,
Аны сезгендирсиң менин көпөлөгүм.
Эрким эселегим, эстүү секелегим.
Тагдыр насип кылса,
Бактым сенде менин.
Сүйөм үмүт деми
Жүрөк сүйүп сени,
Эсим эки болду,
Эзип күйүт мени.
Күнүм жылга айланды,
Үмүт муңга айланды.
Тунук махабатым,
Бүтпөс муңга айланды.
Жакшынын жандырмагын терметейин,
Эркиме эртенкини энсетейин.
Сездирип сүйүүбүздү бек экенин,
Сен деле айтып чыкчу бек-бекейсиң
Кайырма:
Түбөлүк ыйык сүйүү уялаган,
Түйшөлтүп жүрөгүмдү сыялаган.
Түшүнчү түйшүгүмө себеп адам,
Бул менин сага деген «Серенадам».
Назгүл Каныбекова — Серенада тексти
Датасы: 25.01.2026 Көрүүлөр: 3072



