Көк асманда сүттөй ай,
Биздин сөздөр бүтпөй ай.
Сансыз жылдыз жагылат,
Жашообузду ары улап,
Жаштык ыры жаңырат.
Кайырма:
Э-эй, бизге заман жылмайды,
Суктандырып күндү, айды.
Күлкү чачып, кыз-жигит,
Кел, бийлейли, ырдайлы.
Күлгүн курак, гүл курак,
Күндө жаңы ыр курап.
Кайгы сезбей мүнөткө,
Күлкү толуп жүрөккө,
Шаттык менен күн өтсө.
Кайырма:
Ырлар, ырлар, ырлар ай,
Жашообуздун жыргалы ай.
Күлкү чачып эриндер,
Көкөлөсүн көңүлдөр,
Көркүн ачып өмүрлөр.
Жолдубай Кайыпов — Кел, бийлейли, ырдайлы… тексти
Датасы: 23.10.2020 Көрүүлөр: 1333