Датасы: 25.10.2020
Формат: mp3

Коштошууга шашылбачы, жара жүрөк ырбады,
Нөшөр сымал төгүлгөнсүйт сүйүүбүздүн сырлары.
Кереги жок кечиримдин, баары мага белгилүү,
Бир келесиң, бир кетесиң, аччы, жаным, көзүңдү.
Кайырма :
Коштошууга шашылбачы, кайыр айтып кетүүгө,
Бирде күлкү, бирде кайгы, баары болот сүйүүдө.
Мага сырың болду тааныш, кайталанып ар убак,
Бир келесиң, бир кетесиң, ойно, жаным, азыраак.
Коштошууга шашылбачы, тутандырбай жалынды,
Сүйүү сырын бир чечели, түшүндүрчү жайыңды.
Кереги жок кечиримдин, баары мага белгилүү,
Бир келесиң, бир кетесиң, аччы, жаным, көзүңдү.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *