Датасы: 17.06.2022
Формат: mp3

Эл үчүн түндө ыйлаган барбы
Көзү өтпөс салды сыйлаган барбы
Пайгамбардын сөзүн кайталап угуп
Жетимдин башын сылаган барбы
Улуулардын жолун улаган барбы
Сыныгын оңдоп кураган барбы
Умарга окшоп тун бою жүрүп
Журтунун алын сураган барбы

Жыртыкты бүтөп жамаган барбы
Пейпилдик тилеп самган барбы
Ынтымак туусун бийикте кармап
Жалпыга тегиз караган барбы
Жаштар деп күйүп ойлогон барбы
Кыйшыгын түздөп оңдогон барбы
Орозо маалда ынсабы кайтып
Түз жолду көксөп колдогон барбы

Акыйкат кепти угалган барбы
Сөзүнө ишин улаган барбы
Ниетин түздөп билимин алып
Элин динге сугарган барбы

Улууну сылап урматы барбы
Элини сыйлап кызматы барбы
Мыктыны түртпөй ордуна коюп
Кичүүгө деген ызааты барбы
Мээримге толгон жүрөктөр барбы
Пейилге шайкеш түнөктөр барбы
Намысын сактап такыба болгон
Абийирге бекем чүрөктөр барбы

Аялын кордоп эркекти кайсы
Балдары жанып акылы тайкы
Үмөтүк жүктү сезине билген
Намыска бекем жигиттер барбы

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *