Датасы: 20.02.2023
Формат: mp3

Апакай жылуу көлүңдүн
Табына жылынайынчы
Алдыңда жатып ыңаалап апа
Алдейле ыр угайынчы

Эртеңим билбейм эмине
Э болду ойлобоюнчу
Адамдар мени ыйлатса апоу
Алдейле соороноюнчу

Өмүрдө болуп өткөнгө
Өкүнүп карабайынчы
Катамды оңдоп алышка апоу
Кайра бир жаралайынчы

Мамыктай жылуу койнуңда
Мээримге бөлөнөйунчу
Мезгилди артка кайрычы апоу
Мен кайра төрөлөйүнчу

Катамды оңдоп алышка апоу
Кайра бир жаралайынчы

Нурайым Акылбекова — Апа кайрадан жаралайынчы тексти: 20 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *