Апакай жылуу көлүңдүн
Табына жылынайынчы
Алдыңда жатып ыңаалап апа
Алдейле ыр угайынчы
Эртеңим билбейм эмине
Э болду ойлобоюнчу
Адамдар мени ыйлатса апоу
Алдейле соороноюнчу
Өмүрдө болуп өткөнгө
Өкүнүп карабайынчы
Катамды оңдоп алышка апоу
Кайра бир жаралайынчы
Мамыктай жылуу койнуңда
Мээримге бөлөнөйунчу
Мезгилди артка кайрычы апоу
Мен кайра төрөлөйүнчу
Катамды оңдоп алышка апоу
Кайра бир жаралайынчы
Аябай жакты эн сонун чыгарма