Датасы: 20.05.2024
Формат: mp3

Таң болуп атсаңчы түнөргөн багыма,
Түбөлүк жансаңчы шам болуп жаныма сен.
Таксам дейм ак нике шакегин колуңа,
Тандасаң сен мени турмуштук жолуңа сен.

Элестеп өзүңсүз өмүрдүн кемесин,
Эзилет жүрөгүм кайгынын желесинде.
Умтулам убакыт капкандай желесин,
Узарып үмүтүм күтүүнүн белесинде.
Кайырма:
Издедим, мен сени
Изи менен сезимдердин
Издедим, мен сени
Сездиң бекен жүрөгүмдүн эзилгенин.

Кызарып күн батса кыялым сени издеп,
Кусанын жолунда жүрөмүн үзбөй күдөр.
Кыйналып турса да жүрөгүм сени издеп,
Кылымдай сезилди өзүңсүз ушул күндөр.

Ийилип турса да үмүттүн дарагы,
Ишенип келемин өзүңдү табарыма.
Кубалар көңүлдөн түбү жок санааны,
Көрүшкөн күндү мен күтөмүн ар дайыма.
Кайырма:
Издедим, мен сени
Изи менен сезимдердин
Издедим, мен сени
Сездиң бекен жүрөгүмдүн эзилгенин.

Один комментарий к “Нурайым Акылбекова — Издедим тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *